Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

Сирия козголоңчуларынын аскер башчысы жарадар болду


Сирия оппозициясынын эркин армиясынын белгилүү аскер башчысы Риад-ал-Асад дүйшөмбүдө оор жаракат алды. Активисттердин маалыматында, ал өлкөнүн чыгышындагы Дейр аль-Зоир провинциясындагы жардыруудан жараат алган. Учурда Риад-ал-Асад Түркияга ооруканага жөнөтүлдү. Бул жардыруу үчүн эч ким жоопкерчиликти мойнуна ала элек. Риад-ал-Асад 2011-жылы биринчилерден болуп президент Башар Асаддын режимине каршы чыгып, козголоңчуларга кошулган офицерлердин бири болгон. Ага каршы кол салуу Сирия оппозициясынын Улуттук коалициясынын төрагасы Ахмед Муаз ал-Хатиб өз ыктыяры менен лидерликтен кеткен учурга тушташ келди. Жекшембиде ал-Хатиб эркин иштөө үчүн коалиция төрагалыгынан кетээрин билдирген болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG