Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Кипрде банктар бейшембиге чейин иштебейт


Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкынын өкүлдөрү билдирип чыкты. Муну Банк өкүлдөрү өлкөнүн банк системасынын ишин жөнгө алуу аракети менен түшүндүрдү. Ага чейин өлкөдөгү эң ири эки банктан башка банктар шейшембиден тарта иштей баштайт деген маалымат таратылган болчу. Кипрде банктар 16-марттан бери иштебей турат. Кипр өкмөтү кризистен чыгуу үчүн эл аралык кредиторлордон шашылыш насыя алууну сүйлөшүп жатканда жарандар өлкөдөгү банктарда сактаган акчасын алып кетпесин деген чочулоодон улам аларды убактылуу жабуу чечимин кабыл алган. Дүйшөмбү таң эртеден Кипрдин жетекчилери эл аралык кредиторлор менен 10 миллиард долларлык насыя алуу боюнча алдын-ала макулдашканын жар салышты. Ага ылайык, Кипр банкындагы 100 миң евродон көп суммадагы аманат акчалардан бир жолу 20 пайыз же андан көп салык алуу каралган. Өлкө калкына кайрылуусунда Кипр президенти Никос Анастасиадис мындай кадамга баруу оор болгонун, бирок кризиске кептелбөө үчүн айла жоктон ушундай чечим кабыл алышкан билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG