Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Чарбакта ички аскерлер калтырылды


Баткендеги Чарбак жана Согмент айылында коопсуздукту карагана ички аскерлер ишин уланта берээрин “Азаттыкка” Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков билдирди. Калыковдун айтымында, аскерлердин айылдагы күзөт мөөнөтүн узартууга жергиликтүү тургундардын өтүнүчү себеп болгон. Аталган айылдардын тургундары жазгы талаачылык жумуштары учурунда коңшу өлкөнүн тургундары менен жаңжал чыгып кетпесин деп чочулап, аскерлердин калтыра турууну суранышкан.

Жыл башында Чарбактын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ушарлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча унааларды талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Анклавдын айланасындагы жолдор убактылуу жабылган болчу. (JsA/BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG