Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Орто-Токой суу сактагычында маяна көтөрүлөт


1-апрелден тарта Орто-Токой суу сактагычынын кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маяна боюнча түшүндүрмөсүнөн кийин суу сактагычтын жумушчулары иш таштоону токтотушту.

Орто-Токой суу сактагычында 69 кызматчы иштейт. Алар 1400 сомдон 3 миң сомго чейин айлык алышат. Кызматкерлер маянаны көтөрүү талабы менен бир канча жолу нааразылык акциясын өткөрүшүп, иш ташташкан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG