Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:57

Баткенде милиция бөлүмдөрү кошумча күчтөр менен толукталат


Баткен облусунун чек ара аймактарындагы милиция бөлүмдөрү кошумча күчтөр менен толукталат. Бул тууралуу ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев облустагы милициянын өздүк курамы менен жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, кошумча милицияларды жиберүүгө чек ара айылдарында жаңы милиция бөлүмдөрүнүн ачылышы себеп болду.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, жакын арада Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы Караван айылында, Кадамжай районунун Марказ кыштагында жаңы милиция бөлүмдөрү ачылмакчы.

Быйыл жылдын башынан бери Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймактарында тогуз жаңжал чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG