27-мартта Ош шаарындагы Сулайман-Тоо археологиялык тарых музейинде «Ислам жана православие: Кыргызстанда 140 жыл бирге» аттуу фотосүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан «Единство» фондунан маалымдашты. Көргөзмө Православие епархиясынын Борбордук Азияда иш жүргүзө баштаганына 140 толгондугуна байланыштуу уюштурулууда.
Бул иш-чара Кыргызстандагы мусулмандар менен православдардын узак жылдардан берки ынак мамилесин көрсөтүүнү максат кылат. Ошондой эле түрдүү дин өкүлдөрү менен улуттардын ортосундагы ынтымакты бекемдөөнү көздөйт.
Көргөзмөгө 19-20-кылымдардагы чиркөөлөрдү, мечиттерди, мазарларды, Кыргызстан мусулмандары менен православдарынын маанилүү күндөрүн жана күнүмдүк тиричилигин баяндаган фотосүрөттөр коюлат. Иш-чарада Михаил Рогожин, Игорь Сапожников жана Влад Ушаков өңдүү фотографтардын эмгектери бар. (SE)