Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Пхеньян ракеталары АКШ базаларына багытталганын жарыя кылды


Түндүк Корея стратегиялык ракеталары Кошмо Штаттардын Гуам жана Гавайи аралдарындагы, ошондой эле АКШдагы аскердик базаларын бутага алганын билдирди. Коммунисттик Кореянын маалымат агенттигинин кабарлашынча, бул АКШ бомбардировщиктеринин коркунучуна байланыштуу жасалган кадам болду. Бир нече күн мурда АКШ жана Түштүк Корея непада Түндүк Корея тараптан чакан масштабдагы чабуул болсо, чогуу аскердик чара көрүү жөнүндө келишим түзгөн. Пхеньян декабрда орбитага жасалма жандооч чыгарган. Бирок өлкөдө Кошмо Штаттарга жетчүдөй узак аралыкка уччу ракетасы жок деп боолгонууда. Өткөн айда Пхеньян үчүнчү жолу ядролук сыноо өткөргөндөн кийин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы санкциясын дагы күчөткөн.

XS
SM
MD
LG