Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

БУУ өкүлү Ош шаарында абал жакшырганын билдирди


Бириккен улуттар уюмунун Баш катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енча 2010-жылдагы июнь коогасынан кийин Ош шаарындагы азыркы абал жана улут аралык мамиле жакшы жакка өзгөргөнүн билдирди. Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Енча мындай оюн вице-мэр Дастан Ходжаев менен Оштогу жолугушуусунда айтты.

Ходжаев Ош шаарын өнүктүрүү боюнча план иштелип чыкканын, ага улут аралык мамилелер боюнча эксперттер да салым кошконун белгиледи.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад шаарларында кыргыз жана өзбек тектүү жарандардын ортосундагы араздашуудан 400дөн ашык адам каза болгон. Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар коогадан кийинки териштирүүлөрдө өзбек тектүү жарандардын укугу басмырланганын билдирип келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG