Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:23

УКМК: “Кыргызалтындагы” жемкордук ашкереленди


“Кыргызалтын” ачык акционердик коому атайын техникаларды сатып алууда 2,8 миллион сомдук чыгашага жол бергени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы кызмат билдирди. Маалыматка ылайык, 2011-жылы ишкананын жооптуу кызматкерлери техникаларды өтө кымбат баада сатып алышкан.

Натыйжада Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. Бул боюнча “Кыргызалтын” ишканасы маалымат бере элек.

Коррупцияга каршы кызматтын демилгеси менен Геология агенттигиндеги коррупциялык схемаларды ачып чыгуу максатында жумушчу комиссия да түзүлдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG