Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:59

Панарин: ЖККУ Борбор Азияны коргой алат


Борбор Азия өлкөлөрү коопсуздугун сакташы үчүн биринчи кезекте Ооганстандан келген коркунучтарга эмес, ички маселелерге көңүл бурушу керек. Мындай пикирин орусиялык саясат таануучу Игорь Панарин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) өкүлдөрү жана жергиликтүү саясат таануучулардын катышуусунда бүгүн Бишкекте өткөн жабык талкуудан кийин билдирди. Анын айтымында, 2014-жылы АКШнын аскер күчтөрү Ооганстандан чыккандан кийин Борбор Азияны коргоо үчүн ЖККУ атайын план иштеп чыккан.

Талкууга катышкан башка орусиялык эксперттер да ЖККУ Борбор Азияны сырткы коркунучтардан коргой алаарын белгилешти. Бүгүн Бишкекте ЖККУнун Баш катчысы Николай Бордюжа чөлкөмдөгү коопсуздук боюнча бир нече жолугушууларды өткөрдү.

Ушул жылдын май айында Кыргызстандын төрагалыгы астында Бишкекте ЖККУнун саммити өтөт. (TTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG