Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Кипр борбордук банкынын төрагасы кызматтан кетти


Кипрдин борбордук банкы өлкөдөгү бардык банктар 28-мартка дейре жабык болорун эскертти. Анын алдында эки чоң банк: Лайки жана Кипр банкы бүгүндөн тарта ачылары жарыяланган эле. Борбордук банктын кабарлашынча, бул чара өлкөнүн банк системасынын ырааттуу иштөөсүн камсыздоого багытталды. Кипр банкы тышкы кредиторлордон 10 миллиард евро шашылыш насыя алуу планына байланыштуу саясый партиялар арасындагы күрөштөн улам, өлкөдөн чоң суммадагы акчаларды чыгарып кетүүгө жол бербөө максатында 16-мартта жабылган эле. Кипр финансылык кризисти болтурбоого зарыл насыяны алуу үчүн - кредиторлор талап кылган 5, 8 млрд. еврону банктардагы 100 миң евродон чоң депозиттерден бир жолку салык алып топтомокчу. Эл аралык кредиторлордун шартына ынанбай, Кипр банкынын төрагасы Андреас Артемис отставкага кеткенин жергиликтүү булактар кабарлашты.

XS
SM
MD
LG