Доха шаарында Араб Лигасынын эки күндүк жыйыны башталды. Катардын эмири, шейх Хамад бин Халифа ат-Тани жыйынды ачып жатып: “Мага Сириянын оппозициячыл коалициясынын башчысы Муаз ал-Хатиб мырзаны жана Сириянын утурумдук өкмөтүнүн башчысы Гассан Гитто мырзаны, ошондой эле алардын делегациясын бул жыйында Сирия Араб Республикасынын ордун ээлегенге чакырганга уруксат этиңиздер”, - деди.
Араб Лигасы Сириядагы кандуу булоондун токтотулбаганына нааразылык ирети Сириянын уюмдагы мүчөлүгүн 2011-жылдын аягында токтотуп койгон эле. Сирия улуттук кеңешинин саясый жетекчилигиндеги келишпөөчүлүктөн улам, анын лидери Муаз ал-Хатиб 24-мартта отставкага кеткен. Сирия оппозициясындагы бөлүнүү Улуттук кеңештин көпчүлүк мүчөлөрүнүн каршылыгына карбай, исламга ыктаган Гассан Гиттонун козголоңчулардын утурумдук өкмөтүнүн премьер-министри болуп шайлануусу түрткү болгон.