Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Бишкекте кыргыз-казак бизнес форуму өтөт


Бүгүн Кыргызстандын Соода-өндүрүш палатасы Бишкекте экинчи кыргыз-казак бизнес форумун уюштуруп жатат. Маалыматка ылайык, форумга Казакстандан 20дан ашуун курулуш, машина куруу, тамак-аш, текстиль тармактары боюнча иштеген ишкерлер келип, эки өлкө ортосундагы ишкердик алакаларын өнүктүрүү, биргелешип иш ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. Ага Кыргызстандан 70 чакты ишкер катышат. Форум казакстандык ишкерлердин сунушу менен өткөрүлгөнү жатат.

Биринчи кыргыз-казак бизнес форуму да былтыр Бишкекте өткөн. Анын жыйынтыгынlа эки өлкөнүн ишкерлери 3 миллион сомдон ашык каражатка дары-дармек, тамак-аш продукцияларын Казакстанга экспорттошкон.(BkA)

XS
SM
MD
LG