Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

Березовскийдин өлүмү боюнча күбөлөр көрсөтмө берет


Британ полициясы орусиялык мурдагы олигарх Борис Березовскийдин өлүмү боюнча соттук угуулар 28-мартта башталарын билдирди. Сотто күбөлөр көрсөтмө берет, бирок сот тыянак сөзүн кийин айтат. Березовский ишемби күнү Лондондун четиндеги үйүндө жансыз табылган. Полициянын маалымдашынча, патолого-анатомиялык изилдөө маркум асылып өлгөнүн көрсөткөн. Бирок ал өзүн өзү асканбы, же жокпу,- полиция эч нерсе айтпады. Аны токсикологиялык изилдөө аныктоого тийиш.

Кээ бирөөлөрдүн сөзүнө караганда, Березовский жакында чоң финансылык чыгымга кириптер болгондон кийин катуу депрессияга кабылган экен. Борис Березовский 1990-жылдардын башындагы мамлекеттик мүлктү менчиктөөдө санаксыз байлык топтоп, 2000-жылы Владимир Путин президент болгондон кийин, өлкөдөн чыгып кеткен. 2003-жылы Британиядан саясый баш паанек алган Березовский Кремлдин элдешкис сынчысы болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG