Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Раиса Атамбаева: Эң оор мезгил артта калды


Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаеванын Эркин Европа/Азаттык радиосунун кабарчысы Алсу Курмашевага берген маегинин кыскартылган котормосу.

- Сиздин эмне иш менен алек болоруңузду сурайын дедим эле, ишиңиз көппү?

- Азыр иш көбөйүп баратат, биздин Медициналык академияда окуу процесси жүрүп жатат, андан башка да толтура иш-чаралар бар. Биринчи айым катары кандайдыр бир жардамдар тууралуу сунуштар келип жатат, ар кайсы эл аралык уюмдар менен да иштешүү керек. Ошондуктан, чынын айтсам, иш ай сайын арбып баратат. Ошондой эле илимий багытта да алдыга койгон максаттар бар. Кыскасы, дем алыш күндөрү да иштөөгө туура келет, биринчи айым катары да адамдар келип кайрылып жатышат, президенттин да жанында болушум керек, анын расмий иш сапарлары бар эмеспи. Мына жаздын келиши менен андай сапарлар арбыды, Европадан да келип жатышат.

- Кесиптик жактан алганда аялдардын турмушу оңолуп жатабы? Атап айтсак, билим алуу, жакшы иш табуу – бул жагы кыргыз коомунда көйгөйлүүбү?

​- Менимче, андай деле эмес. Президент айткандай, иш оң жагына ооп баратат деп ойлойм. Албетте, президенттин бир жарым жылдык мөөнөтүндө баарын жасап үлгүрүү мүмкүн эмес, бирок көп оң жылыштар болгонун эл да белгилеп жатат. Жаштар эгер билимдүү болсо, агартуучулук баалуулуктарды тутунса жолу ачык болооруна көзү жетип калды. Билим жаатында, кызмат көрсөтүүдө, медицинада аялдар көпчүлүктү түзөт. Эгер өзүң жалкоо болбосоң, билимиң бар болсо, менимче, ишке орношууга болот.

Эки жыл мурда, премьер-министр кезинде Алмазбек Шаршенович медициналык кызматкерлердин, мугалимдердин айлыгын үч эсеге көтөргөн. Алардан “биз ушунча айлык алдык, өмүрүбүздө мынча акча кармаган эмес элек” деген сөздөрдү угуу канчалык жагымдуу болду. Мурда 10-20 % гана көтөрүлчү. Эгер казына толсо дагы көтөрүлөт, пенсиялар, жөлөкпулдар да көбөйөт.

Президент Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен
Президент Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен


- Менин Сизге эне катары суроом бар. Мына орус коомунда таалим-тарбия берүү чоң кризиске тушуккан. Кыргыз коомунда, жеке Сиздин үй-бүлөдө таалим-тарбия жагдайы кандай?

- Үй-бүлөдө, кудайга шүгүр, баары ойдогудай. Уулубуз окуйт, кызыбыз 10-классты бүтүп жатат. Азыр, албетте, тарбия жаатында көйгөйлөр бар. Бизде мисалы, социалдык жагдайлардан кийин эле өспүрүмдөрдүн медициналык-биологиялык өксүктөрү - чоң маселе. Мындай контингентке 14-18 жашка чейинкилер кирет. Азыр Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму балалык куракты 18 жашка чейин узартты. Өспүрүмдөр жагдайы бул жылдары медиктердин көз кырынан чыгып калгандай.

​А кыздарды айтсак, алардын эне болуу функциясы мамлекеттүүлүктүн негизи экенин билесиз. Биз азыр изилдөө жүргүзмөкчүбүз, былтыртан бери иликтеп баштадык. Мындай иш 70-жылдары башталган, совет жылдары тийиштүү көңүл бурулчу. Эми андай иштерди Кыргызстанда колго алганы турабыз, анткени Орусияда, КМШ өлкөлөрүндө, чет жакта бул кайсы бир деңгээлде жолго коюлган. Бизде бул изилдөөлөрдү эмнегедир колго алышкан эмес, же каржылоо жетишсиз болсо керек.

Чынында 10-15 жыл өлкөбүз үчүн абдан оор мезгил болду, мамлекеттин бардык чөйрөсү кыйынчылыкка кириптер болду. Мен бул жагдайды өз үй-бүлөм аркылуу башыман кечиргем, балдарыбыздын өмүрүнө коркунуч туулган кезде өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгонбуз.

Азыр Кыргызстан акырындап жерден боорун көтөрүп келатат. Бир жылда бурулуш жасаш өтө оор, бирок тенденция оң жагына бурулду. Мына оппозиция митинг жасайбыз деп жатат, бирок булар кайсы бир финансынын күчү менен бирөөлөрдүн буйругун аткарып жатышкандай туюлат. Билесизби, качкын президенттер азыр да тынчып калган жок, ошондуктан каржылап жаткан болушу ыктымал. Бул жөнүндө гезиттер да жазып жатышат. Кыскасы, менин оюмча, өлкөбүз оңолуп-түзөлүп, кырдаал жөнгө салынууда. Жыл өтө дагы жакшырат деген үмүт бар. Эл да президентке ишеним артып турат, анткени дээрлик 70% шайлоочулар добуш берген эмеспи.

Президент Атамбаев Жапонияга расмий сапарында император Ахито менен сүйлөшүүдө, 26.02.2013
Президент Атамбаев Жапонияга расмий сапарында император Ахито менен сүйлөшүүдө, 26.02.2013


- Президенттин жубайы болгонуңуз жашоодо жардамы тийеби, же тескерисинче тоскоол болобу?

​- Биринчиден, албетте, иш кыйла арбыды. Элге тынбай чыгып жатабыз. Бирок күч табууга туура келет экен. Күчтү ыгы менен сарптаганды үйрөнүп жатабыз. Ар бир мүнөттү, ар бир саатты текке кетирбей иштеп жатып, арты майнаптуу болоорун түшүнөсүң. Ушул сезим жигердентип, кошумча күч берип турат. Ал эми Алмазбек Шаршеновичти иш сапарларда коштоп жүргөндө эл астына тийиштүү деңгээлде чыгууга аракет кыласың. Кыргыздын оюулары салынган кийимчен абдан адеми көрүнгөнүң тууралуу эки ооз жаңылыкты окуганда көңүлүң көтөрүлө түшөт. Биздикирлерге да ошондой жасалгалуу кийим жагууда. Кытайда, же Европада жүргөн кезде бир-эки алкоо сөз жазып коюшса, кандай гана жагымдуу. Казанга да мен өткөндө кыргыздардын улуттук оюулары басылган кийимчен барганымда “силерде ушунча адеми кийим даярдалат экен" деп айтышса, көңүлүң көккө жетет.

Кыргызстанда тикмечилик өндүрүш жогорку деңгээлде өнүккөн. Тек гана мурдагы жылдары чоң салыктан качыппы, же башка себептенби, көмүскөдө иштешкен. 2007-жылы Бакиевдин тушунда Алмазбек Шаршенович 8-9 ай премьер-министр болгон кезде ушул сыяктуу тармактарды патент төлөп иштөө шарты менен ачыкка чыгарган. Ошентип, казынага патент төлөп коюшуп, коркпой ачык иштеп жатышат. Азыр өндүрүштүн заманы, негизинен аялдар иштеген цехтерде тигилген кийимдерди Орусияда жакшы сатып алышарын билебиз. Кыргызстанда чынында эле аялдардын кийими абдан мыкты сапатта тигилип жатат.

XS
SM
MD
LG