Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Ысык-Көлдө “хизбутчу” делген үч адам кармалды


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жеңиш, Ак-Терек айылдарында “Хизб-ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун өкүлдөрү делген үч адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Жети-Өгүз райондук милициянын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери кармалган жарандардын үйлөрүнөн экстремисттик маанайдагы адабияттарды: 73 баракча, 5 китеп жана 2 дептерди табышкан. Кармалган үч жарандын экөөсү «Хизб-ут-Тахрирдин» активдүү мүчөсү катары каттоодо турган.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин “улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. (MK/KKs)

XS
SM
MD
LG