Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Өзүн атты делген жоокердин апасы расмий маалыматка ишенбейт


Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарында аскердик кызматын өтөп жатып каза болгон жоокердин жакындары Коргоо министрлигинин расмий маалыматына ишенишпейт. 19 жаштагы маркум Талант Турусовдун апасы Назгүл Орузбаева уулу бир күн мурда миң сом акча сураганын, ал киши колдуу болушу мүмкүндүгүн “Азаттыкка” билдирди. Турусов туулуп өскөн Ысык-Көл облусунун Боз-Булуң айылынын башчысы Асел Алпарова жоокерге ок өйдөдөн ылдый атылганын айтууда.

25-мартта Коргоо министрлиги Жалал-Абаддагы №30295 аскер бөлүгүндө бир жоокер куралды туура эмес колдонуп, өзүн өзү көкүрөк тушка атып алганын, ал ооруканага жетпей каза болгонун билдирген. Бул окуя боюнча Жалал-Абаддагы аскердик прокуратуранын тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (MK/KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG