Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:13

Депутат Жолдошева тестирлөөнү эки тилде гана өткөрүүгө чакырды


Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева мектеп бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайга кабыл алуудагы жалпы республикалык тестирлөөнү өзбек тилинде өткөрбөө керектигин парламенттин жыйынында билдирди. Эл өкүлү Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий тил экенин эске салды.

“Былтыр жаштар ушул маселе боюнча аябай катуу чыккан. Мен да ушул маселени койгонмун. Биз өзүбүздүн тилибизди сыйласак... Президент туура айтат, кыргыз тилин көтөрмөйүнчө Кыргызстан эч качан өспөйт”,-деди Жолдошева.

Жалпы республикалык тестирлөөнү талкуулаган парламенттин жыйынында Билим берүү жана илим министри Канат Садыков азыр тестирлөөгө катышууну каалаган бүтүрүүчүлөрдү каттоо жүрүп жатканын, эгерде өзбек мектептеринин бүтүрүүчүлөрү көп болсо тестирлөө өзбек тилинде өтөөрүн билдирди.

Тестирлөөнү кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде өткөрүү жөнүндө өкмөттүн токтому 2001-жылы эле кабыл алынып, он бир жылдан бери ошол тартипте өтүп келаткан.

Былтыр айрым парламент депутаттары жана жаштар уюмдары тестирлөөнү мамлекеттик жана расмий тилде гана өткөрүүнү талап кылышкан. Өзбек тектүү коомдук ишмерлер болсо депутаттардын демилгелерин өзбек окуучуларынын укугуна шек келтирет деп сыпатташкан.

Кыргызстандагы 2204 мектептин 135инде окуу өзбек тилинде аралаш өтөт, ал эми алардын ичинен 91инде окуу процесси жалаң гана өзбек тилинде жүргүзүлөт. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG