Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Бишкектин автобаза башчысы пара менен кармалды


Бишкек мэриясына тиешелүү автобазанын жетекчиси М. Кокоев 100 миң сом пара менен кармалды . Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Коррупцияга каршы кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, кармалган жетекчи мэриянын унааларын тетиктер менен камсыз кылуучу уюмдан акча талап кылган. Натыйжада Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “акча талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. М. Кокоев УКМКнын тергөө абагына алынды. (KKs)

XS
SM
MD
LG