Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21
2007-2008-жылдары Ысык-Көлдөгү “Витязь” пансионатына тиешелүү тогуз гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктештирүү жана “Түндүк электр” ишканасынын мамлекеттик акцияларын арзан сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев 25 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Бишкектеги Биринчи май райондук соту сырттан угузганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматкери Алманбет Абдраманов “Азаттыкка” бүгүн кабарлады.

“2013-жылдын 26-мартында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кылмыш кодексинин 30-беренеси (кылмышка кол кабыш кылуу), 303-беренеси (коррупция) жана 306-беренеси (мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген сатып алуулар боюнча келишим түзүү) боюнча айыпталган президентке караштуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигинин мурдагы жетекчиси Максим Бакиевди 25 эркинен ажыратуу, 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтан четтетүү жана үй-мүлкүн конфикациялоо чечимин чыгарды”,-деди Абдраманов.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы соттун бул өкүмүнүн негизинде Максим Бакиевди экстрадициялоо ишин улантаарын билдирүүдө.

2010-жылдын апрель окуяларына чейин Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикти жетектеген Максим Бакиев былтыр октябрь айында АКШнын өтүнүчү менен Лондондо кармалып, кайра күрөөгө бошотулган. Анын экстрадициялоо боюнча кийинки соттук иш ушул жылдын май айына белгиленген. (BkA/KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG