Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

БРИКС Өнүгүү банкын ачуу боюнча планын жарыялайт


Экономикасы тез өнүгүп бараткан Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканы бириктирген БРИКСтин лидерлери шаршемби күнү жаңы Өнүгүү банкын ачуу боюнча планды жарыялашат. Бразилиянын президенти Дилма Руссефф, Кытайдын президенти Си Цзиньпин, Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түштүк Африканын президенти Жейко Зума жаңы банкты ачуу боюнча келишимге Түштүк Африканын Дурбан шаарында өтүп жаткан саммитте кол коюшат, бирок келишим дагы такталышы керек. Жаңы банк Дүйнөлүк Банктын жана Эл аралык валюта фондунун чыгыштагы атааңдашы катары каралууда. БРИКСке кирген беш өлкөдө дүйнө калкынын 40 пайызы жашайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG