Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Ислам Каримовдун жүрөк оорусу боюнча маалымат четке кагылууда


Өзбек президентинин ден соолугу начарлады деген сөздөрдү өзбекстандык сенатор Светлана Артыкова Эркин Европа\Азаттык үналгысына берген маегинде четке какты. Анын айтымында, Каримовдун ден соолугу абдан жакшы жана ал атүгүл бейшемби күнү өтчү сенаттын сессиясына да катышышы мүмкүн.

Акыркы күндөрү өзбек оппозициялык кыймылдарына тиешелүү вебсайттарда Каримов инфарктка каблыганы тууралуу маалымат тараган. Президенттин кызы Гүлнара Каримова болсо атасынын инфарктка кабылганын шаршемби күнү өзүнүн Твиттер аккаунтунда төгүндөдү. Гүлнара Каримова Ислам Каримов бир жума мурун Ноорузду майрамдоодо бийлегенин мисал келтирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG