Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Кыргызстандын Бажы биримдигине даярдыгы талкууланат


Бүгүн Экономика министрлигинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүгө болгон даярдыгы талкууланат. Талкууга Евразия экономикалык кеңешинин Бажы биримдигине Кыргызстанды киргизүү боюнча жумушчу тобунун жана кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү катышат. Анда Бажы биримдигине кошулууга Кыргызстандын даярдыгы, бул багытта белгиленген пландардын аткарылышы жана Бажы биримдигине кирүү үчүн даярдалып жаткан жол картасынын долбоору талкууланат.

Жыйын 29-мартта Бишкекте өтө турган “Кыргызстан Евразия интеграциясынын жолунда” аттуу эл аралык конференцияга карата уюштурулууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG