Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Астанада Борбор Азия чек арачылары жолугушууда


Казакстандын борбору Астанада 27-марттан тарта Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусиянын чек ара кызматынын төрагаларынын жыйыны өтүп жатат. Жыйында мамлекеттик чек араны бекемдөө багытында эл аралык уюмдар менен кызматташууну арттыруу жана Борбордук Азия аймагынын тышкы чек арасындагы абалды, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашууда.

Мындан сырткары чек ара кызматынын жетекчилери эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшмөкчү. 29-мартка чейин созулган жыйынга Кыргызстандын атынан Чек ара аскерлигинин башчысы Токон Мамытов башында турган делегация катышып жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG