Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Сирия оппозициясы Катарда элчилигин ачты


Араб Лигасы тарабынан Сирия элинин жалгыз мыйзамдуу өкүлү катары таанылган соң Сирия оппозициянын Улуттук кеңеши Катарда өзүнүн алгачкы элчилигин ачты. Шаршембиде Улуттук кеңештин төрагасы Ахмед Муаз ал-Хатиб Катардагы өкүлчүлүгүн ачуу аземинде дүйнөлүк державаларды Башар Асаддын режимин кулатууда оппозицияга жетиштүү колдоо көрсөтпөй жатат деп сынга алды. Муаз ал-Хатиб оппозициянын Улуттук кеңешинин төрагалыгынан өз калоосу менен кетээрин өткөн жума аягында жарыялаган болчу.

Бирок Катардын борбору Дохада шейшембиде өткөн Араб Лигасынын саммитине оппозициянын убактылуу жетекчиси катары катышты. Бул Саммиттин жүрүшүндө Араб Лигасына Сириянын атынан мүчөлүк кылуу укугу оппозицияга берилди. Буга чейин аталган уюм Сириянын Лигадагы мүчөлүгүн бул өлкөдөгү кандуу булоондон улам Башар Асаддын режимине нааразылык иретинде 2011-жылдын аягында токтотуп койгон эле.

Ал ортодо Орусия менен Иран Араб Лигасынын мындай кадамын сынга алып, эл аралык укуктун нормаларын бузуп жатканын билдирип чыгышты.

XS
SM
MD
LG