Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Кыргызстан өз аймагында НАТО жүктөрүн текшере алат


Кыргызстан Ооганстандан ташыла турган НАТОнун жүктөрүн өз аймагында текшере алат. Мындай укукту камсыз кылган НАТО менен Кыргызстандын ортосундагы келишим Жогорку Кеңешке ратификациялоо үчүн жөнөтүлүп, парламенттин расмий сайтына жарыяланды. 2012-жылдын 22-майында НАТОнун Чикагодогу саммитинде кол коюлган бул келишимге ылайык, Кыргызстандын аймагы аркылуу өлүмгө алып келбей турган жүктөр гана ташылат. Мындай жүктөр “Ооганстан-Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан” маршруту боюнча өтөт. Жогорку Кеңеш келишимди качан караары белгисиз.

2014-жылы НАТО менен АКШнын аскердик күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Ооганстандан чыгарылат. Азыр Бишкектеги АКШнын базасы Ооганстандагы эл аралык күчтөргө транзиттик борбор катары кызмат кылууда. Маалыматка ылайык, ай сайын бул борбор аркылуу 25 миңдей аскер ары-бери каттап турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG