Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Москвада жашы жете элек кыргыз балдар ишке чегерилгени аныкталды


Орусиянын Социалдык департаментине тиешелүү өспүрүмдөрдүн убактылуу үйүндө 14-15 жаштардагы үч кыргыз бала тарбияланып жатат. Бул тууралуу Москва шаарындагы “Алтуфьево” аттуу балдар үйүнүн жетекчиси Людмила Шиянова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жашы жете элек балдарды белгисиз адамдар Москвага иштетүү үчүн алып келишкен. Полиция жана миграция кызматкерлери аларды курулушта иштеп жүргөн кезинде табышкан. Мигрант балдардын экөөнүн гана документтери бар. Алар үй-бүлөсүнүн дайын-даректери такталгандан кийин Кыргызстанга депортацияланат. (ZKo/KKs)

XS
SM
MD
LG