Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Ысык-Көлдө өрт кырсыктары көбөйдү


Ысык-Көл облусунда жыл башынан берки үч айда 89 өрт катталып, 17 миллион сомдук зыян алып келди. Былтыр бир жыл ичинде 60 өрт болуп, чыгымы 1 миллион 34 миң сомду түзгөн. Облустагы Өрткө каршы кызматтын ага инспектору Бекжан Жексенбиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, соңку үч айда тилсиз жоодон 3 адам каза болду. Былтыр өрт кырсыктары эки адамдын өмүрүн алган эле.

“Быйыл өрт коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлер жетишпегендиктен, өрт кырсыктары көп болуп жатат. Былтыр өрткө каршы рейдди 24 кызматкер жүргүзгөн болсо, бул жылы эки адам гана кыдырып жүрөт”, - деди Жексенбиев. (MK/KKs)

XS
SM
MD
LG