Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

“Ата-Журттун” депутаттарына сот өкүмүн угузушу мүмкүн


Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда Биринчи райондук сотунун бүгүнкү отурумунда сот өкүмү чыгышы мүмкүн. Анын алдында “Ата Журт” фракциясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана алар менен бирге айыпталган 4 адамга акыркы сөз берилет.

Былтыр 3-октябрда бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган 3 депутат учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Аларга байланышкан соттук териштирүү 15-мартта аяктаган. Ага чейин мамлекеттик айыптоочулар депутаттарды 9 жылдан 10 жылга чейин, коомдук ишмер Кубат Кожоналиевди 8 жылга, ал эми Ташиевдин жан сакчыларын 3-4 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG