Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Боюна бүтүрүп алган секелектер көбөйдү


Саламаттыкты сактоо министрлиги соңку жылдары Кыргызстанда өспүрүм кыздардын арасында боюнан алдыруу жана балалуу болуу учурлары көбөйүп баратканын билдирүүдө.

Гүлүмкан Касмалиева Каракол шаарында “Репродуктивдик ден соолук боюнча альянстын” алдындагы клиникада алты жылдан бери акушер-гинеколог. Кыз-келиндер арасында боюнан алдыруунун кесепеттери жана өспүрүмдөр арасында боюнда болуудан сактануу тууралуу маалымат таратуу менен алек.

13 жаштагы кызды өгөй атасы зордуктап...

Касмалиеванын айтымында, жума сайын 10 чакты аборт жасалса, анын эки-үчөө бойго жетелек секелектер. Клиникага келгендердин аты-жөнү толук купуя сакталат жана аборттон сырткары психологиялык жардам да көрсөтүлөт.

Касмалиеванын дептери боюнда болуп келген секелектердин таржымалына толгон. Көбүнчө оор абалга чалдыккан 15-17 жаштагы кыздардын тек-жайын, ысымын өзгөртүп, жыныстык жашоо тууралуу талкууларда айтып берип жүрөт.

Ал бизге 13 жаштагы Назгүлдүн окуясын айтып берди.

- Ошондо 7-класстын окуучусу экен да. Караколдо турат. Боюнда бар экен. Беш ай болуптур. Аны менен сүйлөшкөндө атасы жок экени, апасы никесиз бирөө менен жашап жүргөнүн билдик. Анан ушинтип сүйлөшүп атып, өгөй атасы жарым жылдай Назгүлдү зордуктап жүргөнү билинди.
Таежеси байкамайынча кыз өзү боюнда бар экенин билбептир. Анан бул оозунан эне сүтү кете элек кыз болуп атпайбы...


Өгөй атасы Назгүлдү коркутуп, "эгер айтсаң сени да, апаңды да өлтүрөм" деп мектебинен калтыртып, зордуктап жүрүптүр. Боюнда бүткөнүн секелек өзү да билбей, апасы деле байкабай жүрүптүр. Капыстан таежеси байкап калып, апасы менен кошо Назгүлдү клиникага алып келиптир. Анан ага Бишкекте аборт жасашыптыр.

- Таежеси байкамайынча кыз өзү боюнда бар экенин билбептир. Анан бул оозунан эне сүтү кете элек кыз болуп атпайбы. Эгер ошол учурда мектепте анатомия сабагында же биологияда бала кандай пайда болот, кандай өсөт, жыныстык катнаш деген эмне дегендерди окутса, балким мындан кичиреек мөөнөттө байкап калса аборт жасабай, дары-дармек менен абалдан чыкмакпыз. Анан дагы мындай кыздар ушундай абалга туш келгенде кай жакка кайрылаарын да билбей жатышат.

Мамлекеттик жана көз карандысыз адистердин айтымында, Кыргызстанда секелек кыздардын арасындагы кош бойлуулук саны жыл сайын өсүп баратат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 13 жаштан 17 жашка чейин кыздар арасында 2007-жылы 134 аборт жасалса, 2012-жылы 208 секелек боюнан алдырткан. Ал эми төрөгөндөр боюнча сандарды айтсак, 2007-жылы 1000 факт катталса, 2011-жылы 1679га чейин өсүп кеткен. Адистер мындан сырткары катталбай калган учурлар арбын экенин эске салат.

Ушул маселелердин үстүндө иш алып барган “Репродуктивдик ден соолук боюнча альянстын” президенти Арсен Аскеровдун пикиринде, мунун баары өспүрүмдөрдүн арасында жыныстык катнаш аркылуу оорулар жугаарын, анын кесепеттери жана сактануу тууралуу маалыматтардын жоктугунан болууда.

- Саламаттыкты сактоо системасы азыр өтө начар деңгээлде жана өспүрүмдөргө тиешелүү болгон кызматтар өркүндөп, жогорку деңгээлге жеткен эмес, тескерисинче артта калган, унутулуп калган, кээ бир мекемелерде такыр эле жок. Себеби азыркы учурда көп көңүл улгайган адамдарга бурулуп калды, кардиология, инсульт деп, ал эми өспүрүмдөр тууралуу ойлогон киши жок. Бирок алар биздин келечегибиз да.


Секс деген сөздөн уялбагыла...

Акушер-гинеколог Гүлүмкан Касмалиеванын пикиринде эң башкы маселе – кыргыз коомчулугунда секс тууралуу сөз кылуу уят деген көз караштан улам мектептерде мугалимдер окуучуларына жана ата-энелер балдарына сактануу чаралары тууралуу айтуудан боюн ала качышат. Ал өзүнүн 25 жылдык тажрыйбасына таянып, шаарда да, айылда да өспүрүмдөр жыныстык катнашты 9-10-класстан баштаарын айтты.

- Биздин менталитет жаман болуп атпайбы. Биз азыр ошол бир айылга барып алып мектепте презерватив таратсак тургундар бизди баштан ары чаппайбы, силер биздин балдарды секске үйрөтүп, бузуп атасыңар деп. Биз болсо тескерисинче ошол жыныстык катнашта сактанып, ден соолугун, тагдырын кыйбасын деп кам көрүп атабыз да. Аларды секске үйрөтүү биздин максат эмес, алар бизден деле сонун билишет. Бирок ата-энелер муну түшүнбөй жатышпайбы.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Айгүл Болбекова мындай маселе бүгүнкү күндө көңүл чордонунда турганын мойнуна алып, саламаттыкты сактоо мекемелери аркылуу маалымат жеткирүүгө аракет болуп жатканын, билим берүү министрлиги менен кошо жыныстык катнаш тууралуу сабактарды мектепке жайылтуу планын ишке ашырууга көзү жетип турганын билдирди:

- Өспүрүмдөрдүн арасындагы кош бойлуулук актуалдуу маселеге айланды. Анын себептеринин бири, сактануу боюнча маалыматтын жетишсиздиги. Биз медициналык мекемелерде аларды камсыздандырууга аракеттенебиз, бирок бул маселеге билим берүү, бейөкмөт уюмдар, коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары биригип, маалыматты камсыз кылышыбыз керек.

Адистер ата-энелерди жана мугалимдерди секс деген сөздөн качпастан, өз балдарына жыныстык катнаштан сактанбаса кыздар кош бойлуу болуп калаарын жана бири-бирине ооруларды жугузарын түшүндүрүүгө чакырууда...
XS
SM
MD
LG