Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

“Атажуртчу” депутаттардын соту башталды


Сот жараяны депутаттардын адвокаттарынын бири, жакында дүйнө салып кеткен Токтогул Абдиевди бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.

“Ата-журт” партияснын лидери Камчыбек Ташиев акыркы сөзүндө өзүнө коюлган күнөөлөрдү саясий куугунтук деп атап, тергөө үстүртөн жүргүзүлгөн деп билдирди. Ал коюлган айыптарды далилсиз жалган жалаа деп эсептээрин, аны коркутам дегендер кези келгенде жазасын аларын айтты.

Ушул тапта сот жараяны өтүп жаткан Биринчи май райондук сотунун алдында депутаттардын жактоочулары топтолуп турушат. Журналисттердин көбү кире албай жатканын “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Өткөн жылдын 3-октябрында аталган депутаттар Кумтөр боюнча митинг уюштуруп, бирок ал башаламандык менен коштолгон. Митинг “Ата-Журт” фракциясынын депутаттарынын Ак үйдүн темир тостомун ашып өтүүсү менен аяктаган. Азыр "Ата Журттун" лидерлери абакта отурат. Депутаттарга бүгүн өкүм чыгаары күтүлүүдө.(AzK)

XS
SM
MD
LG