Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Мамытов: Антымды бузган жокмун


Соттолуучулардын бири депутат Талант Мамытов акыркы сөзүндө 25-сентябрда Дүйшөмбү шаарында болгонун, элди топтоп келүүгө милдеттендирилбегенин билдирди. Мамытовго чейин сүйлөгөн Садыр Жапаров дагы сентябрь айынын аягында Талант Мамытов Тажикстанда иш сапарда болгонун тастыктаган.

Мамытов 3-октябрдагы митингге парламенттен өкүл катары барганын айтты. Ал өзүнө “элге берген антты бузду” деген айып коюлганын, бирок эч кандай ант бузбаганын билдирди. Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров менен бирге былтыр 3-октябрда камалган болчу.(AzK)

XS
SM
MD
LG