Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Кыргызстанда “Маска” фонду лауреаттарын аныктады


Аталган фонд Кыргызстандын баатыры, Кыргыз эл артиси Сабира Күмүшалиева атындагы сыйлыкты эне, аялдын образын жаратуудагы көрүнүктүү ролдору үчүн Барпы атындагы Жалал-Абад облустук музыкалык драма театрынын эмгек сиңирген артисти Шайырбүбү Мамбетовага ыйгарды. Ал эми Эл артисти Советбек Жумадылов атындагы сыйлыкка Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрынын режиссеру, эмгек сиңирген артист Давлет Нургазиев татыды. Ошондой эле искусство таануучу Сарман Асанбеков атындагы сыйлык драматург жана театр таануучу Жаныш Кулмабетовго театрларды изилдөөгө кошкон салымы үчүн берилди.

Аларга диплом жана 5 миң сом тапшырылды. Аталган сыйлыктар былтыр “Маска” фондунун 10 жылдыгында уюштурулуп, жыл сайын бир жолудан 27-марттагы театр күнүнө карата берилип турат. Бул туурасында “Азаттыкка” Кыргызстандын эмгек синирген артисти Сатылган Сазаев билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG