Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

АКШ сенатору Түндүк Корея менен тиреш токтойт деп үмүттөнөт


КШнын сенатында Тышкы байланыштар комитетин жетектеген Боб Коркер "Биздин өлкө ракетаны абадан жок кылуучу кошумча жабдыктарды даярдап жатат, бирок даанышмандык үстөмдүк кылат, кырдаал оңолуп, келечек тууралуу жемиштүү сүйлөшүү болот деп үмүттөнөбүз", - деди. Коркер Түштүк Кореянын борбору Сеулдан сүйлөдү. Түндүк Корея Түштүк Корея менен катар, АКШнын Тынчтык мухитиндеги аскер базаларына сокку уруу үчүн ракеталарын даярдыкка келтиргенин билдирүүдө.

Мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарлашынча, америкалык согуш учактарынын Корея жарым аралынын үстүнөн учушуна жооп иретинде өлкө башчысы Ким Чен Ын шаршембиден бейшембиде караган түнү тийиштүү жардыкка кол койду. Анын АКШ менен «эсептешүүгө мезгил келди» деп айтканын Түндүк Кореянын маалымат агенттиги билдирди. АКШ ядролук курал алып жүрүүгө дараметтүү Б-2 «Стелс» учактарын Түштүк Корея менен биргелешкен согуштук машыгуунун чегинде учургандыгын айтууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG