Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Лавров: Түндүк Кореянын айланасында кырдаал начар


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түндүк Корея менен АКШнын тирешүүсү «көзөмөлдөн чыгып» кетиши мүмкүн экендигин эскертип, бардык тараптарды токтоолукка чакырды. Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарлашынча, америкалык согуш учактарынын Корея жарым аралынын үстүнөн учушуна жооп иретинде өлкө башчысы Ким Чен Ын АКШнын Тынчтык мухитиндеги аскер базаларына сокку уруу үчүн ракеталарды даярдыкка келтирүүгө буйруду.

АКШ ядролук курал алып жүрүүгө дараметтүү Б-2 «Стелс» учактарын Түштүк Корея менен биргелешкен согуштук машыгуунун чегинде учургандыгын айтууда. Лавровдон алдың АКШнын сенатында Тышкы байланыштар комитетин жетектеген Боб Коркер Түндүк Корея менен тиреш күчөбөйт деген үмүтүн билдирген.

XS
SM
MD
LG