Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

“Ак шумкар” 7-апрелде курман болгондорду эскерди


“Ак шумкар” партиясынын мүчөлөрү 7-апрелдин катышуучулары жана каза болгондордун туугандары менен 2010-жылы, 7-апрелде шейит кеткендерге куран окутуп, эскеришти. Бишкектин Жал кичи районунда жарадар алгандарга жана маркумдардын туугандарына берилген үйлөрдүн короосунда үч боз үй тигилип, жылкы союлду.

Партиянын төрагасы Темир Сариев апрель окуясы боюнча сот жараяны узарып кеткенинин себептерин териштирүүдөгү кыйынчылыктар менен түшүндүрдү. Ошондой эле Курманбек жана Максим Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу боюнча Тышкы иштер министри иштеп жатканын билдирип, Кыргызстан ачыктыктын, айкындыктын жолу - парламентаризмди тандаганын, тажрыйба болбогондуктан азырынча кыйынчылык көп экенин кошумчалады.

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяда 86 адам набыт болуп, 300 чактысы жаракат алган. Мурунку президент Курманбек Бакиев жакындары менен өлкөдөн чыгып Беларустан баш паанек тапкан. Кыргыз соту мурдагы президентти сыртынан 24 жылга, анан уулу Максим Бакиевди 25 жылга, ал эми иниси Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. (ТТо)

XS
SM
MD
LG