Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводдун курулушу июлда бүтөт


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Кара-Балтада курулуп жаткан мунай иштетүүчү “Жунда” Чайна Петроль Компани ишканасынын жетекчилиги менен жолукту. Анда тараптар заводдун курулушу, ишке берилүүсү тууралуу талкуулашты.

Премьер-министр инвесторлорго 2013-жылдын аягына чейин 80 миң тонна күйүүчү майлоочу зат өндүрүп, өлкө бюджетине 20 миллион доллар төлөш керектигин, иш учурунда Кыргызстандын бардык мыйзамдарын сактоо талабын эскертти.

“Жунда” Чайна Петроль Компанинин жетекчилиги куруу, оңдоп-түзөө иштери июлда бүтүп, заводдун бир бөлүгү августта иштеп баштаарын, күздүн жарымынан тарта толук иштээрин билдирди.

Аталган компания Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында 2009-жылдан бери курулуп жатат. Жергиликтүүлөр андан экологияга зыян чоң деп иштетүүгө каршы болуп келишкен. Ал жерде 600 жумуш орду пайда болоору, даяр бензин, майлоочу жана дизелдик май, кыстырылган газ иштеп чыгаары кабарланган. (AKu)

XS
SM
MD
LG