Аскерий кемелер бүгүн атууларды жүргүздү. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, бул - машыгуунун жыйынтыктоочу бөлүгү. Кара деңиздеги орус кемелеринин ок атуу көнүгүүсү абадагы аскерий учактардан кургактагы күчтөрдүн жерге түшүүсү менен коштолду. Президент Путин бул аскерий машыгууга ушул ишемби күнү капыстан буйрук берген.
Буга чейин февралда орус армиясынын бир катар бөлүктөрү машыгууга күтүүсүздөн буйрук алганда ага ыкчам кирише албай коюшкан. Орусия Коргоо министрлиги бүгүн Кара деңиздеги машыгуу өз максаттарына жеткенин белгиледи. (UE)