Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

“Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу боюнча келишимге апрелде кол коюлушу мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, 29-мартта ал башында турган Кыргызстандын делегациясы Москвага барып, “Кыргызгаз” ишканасын “Газпромго” сатуу боюнча Орусиянын энергетика министри Александр Новак менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп кайткан. Анда “Кыргызгазды” сатуу боюнча орус тарап менен келишимдин шарттары тактоо боюнча сүйлөшүүлөр болду:

- Кыргызгазды “Газпромго” сатуу боюнча келишимди даярдоонун үстүнөн учурда иштеп жатабыз. Бул багытта бир катар жылыштар бар. Мурун сүйлөшүүлөр “Газпромдун” деңгээлинде жүрүп жатса, учурда Орус өкмөтүнүн деңгээлине чыкты. Апрел айынын ичинде Кыргызстандын премьер-министри иш сапар менен Москвага барат. Ошонда келишимге кол коюлушу мүмкүн.

“Кыргызгазды” орус компаниясынын алышы боюнча сүйлөшүү эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда соңку бир нече жылдан бери талкууланып келет. Азыркы өкмөт мындай келишим өлкөнү көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөт деген ишенимде турат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG