Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Горбачев Орусияда “башкаруунун жаңы системасын” курууга чакырды


СССРдин мурдагы президенти, 82 жаштагы Михаил Горбачевдун айтымында, Орусияда саясаттын барган сайын “имитацияга айлануусу күчөөдө”.

Президент Путинди оппоненттери менен карым-катнаш түзгөндүн ордуна аларды маргиналдаштырып жибергени үчүн сындаган Горбачев Орусия “башкаруунун жаңы системасына муктаж экенин” белгиледи.

Горбачевдун пикиринде, бийликтер коомдук нааразылыктын соңку толкунун баса алды, бирок эгер Путин өзгөрүүлөрдү жасабаса, нааразылык толкуну кайра кайтып келет.

Акыркы апталарда Орусиянын тартип коргоо органдары бейөкмөт уюмдарды жапырт текшерүүдө. Бийликтер муну жаңы мыйзамдын талаптары менен байланыштырса, активисттер коркутуу чарасы катары баалашууда. (UE)

XS
SM
MD
LG