Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

“Ата Журттун” депутаттарынын адвокаты доо арыз менен кайрылат


1-апрелде “Ата Журт" фракциясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун адвокаттары Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ташиевдин адвокаттарынын бири Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, Биринчи май райондук сотунун өкүмүн депутаттар саясий чечим катары баалашууда. Ошондуктан адвокаттар эртең шаардык сотко доо арызды тапшырып, Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгарууну өтүнөт.

29-мартта Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана депутаттардын үч жан сакчысын Кылмыш кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоого аракет кылуу) боюнча күнөөлүү деп таап, Ташиев менен Садыр Жапаровду бир жарым жылдан, Мамытов жана депутаттардын үч жан сакчысын бир жылдан эркинен ажыраткан. Ал эми депутаттар менен бирге айыпталып жаткан коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев акталды.

Бул депутаттар былтыр 3-октябрда борбордук аянтта башаламандык менен коштолгон митингден кийин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG