Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

"Дордой" базарында салык чогултуу жакшырат


Мамлекеттик салык кызматы "Дордой" базары боюнча жумушчу топ түздү. Ага аталган кызматтан сырткары Каржы министрлигинин, Бишкек шаар бийлигинин жана базар администрациясынын өкүлдөрү кирди. Топ аталган базардагы салык салына турган контейнерлерди, соода жайларды аныктап, тизмектеп чыгат.

Жакында базарда контейнерлердин үстүнө коюлган экинчи кабаттагы контейнерлерге кошумча салык киргизилген. Буга соодагерлер нааразылык билдирип, митингге чыгышарын эскерткен эле.

"Дордой" Борбор Азиядагы ири базар болуп саналат. Былтыр казынага 314 миллион сом төккөн. Бирок өкмөт башчы салык көлөмү аз экенин айтып, сынга алган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG