Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Жерүйдү cатыкка чыгаруу боюнча жыйынтыктоочу жыйын өтөт


Жерүй алтын кенин сатыкка коюу боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссия бүгүн соңку жыйынга чогулат. Анда сынакты уюштуруп-өткөрүүнүн жол-жобосу толук аныкталып, сатыкка коюунун шарттары белгиленет.

Өткөн жылдын соңунда кыргыз өкмөтү Жерүй кенин иштетүү үчүн “Жерүй алтын” ишканасына берилген лицензияны жокко чыгарган болчу. Буга компаниянын лицензиялык келишимди аткарбаганы негиз болгон.

Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Кендин айланасындагы айыл жашоочулары Кумтөр кенинин маселеси чечилмейин, Жерүйдү иштетүүгө каршы болуп келишет. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG