Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Башкы прокуратура "Ата Журттун" депутаттары боюнча апелляция берет


Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура “Ата Журт” фракциясынын депутаттарына карата Биринчи май райондук сотунун өкүмүн “өтө жумшак” деп эсептеп, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылганы жатат.

29-мартта Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана депутаттардын үч жан сакчысын Кылмыш кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоого аракет кылуу) боюнча күнөөлүү деп таап, Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылдан, Мамытов жана депутаттардын үч жан сакчысын бир жылдан эркинен ажыраткан. Ал эми депутаттар менен бирге айыпталып жаткан коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев акталган.

Соттун мындай өкүмүн айыпталуучулар да “саясий өкүм” катары баалап, бүгүн Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылаарын “Азаттыкка” Камчыбек Ташиевдин адвокаттарынын бири Азимбек Бекназаров билдирген болчу.

“Ата Журттун” депутаттары былтыр 3-октябрда борбордук аянтта башаламандык менен коштолгон митингден кийин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG