Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

“Визор Холдинг” Жерүй боюнча кыргыз өкмөтүн Эл аралык сотко берди


Жерүй кенинин мурдагы инвестору, казакстандык “Визор Холдинг” компаниясы кыргыз өкмөтүн сотко берди. Бул маалыматты Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Ишембай Чунуев “Азаттыкка” курган маегинде тастыктады. Анын айтымында, “Визор Холдинг” компаниясы Эл аралык арбитраждан Жерүй кенин иштетүү үчүн лицензияны жокко чыгаруу боюнча кыргыз өкмөтүнүн токтомун мыйзамсыз деп табуу жана өкмөттү 400 миллион долларлык доого жыгуу өтүнүчүн келтирген.

Өткөн жылдын соңунда кыргыз өкмөтү Жерүй кенин иштетүү үчүн “Визор Холдинг” ээлик кылган “Жерүй алтын” ишканасына берилген лицензияны жокко чыгарган болчу. Мындай чечим компаниянын лицензиялык келишимди аткарбаганы менен түшүндүрүлгөн. “Визор Холдинг” өкмөттүн мындай чечиминин үстүнөн Кыргызстандагы бардык баскычтагы сотторго кайрылып, бирок утулуп калган.

Учурда кыргыз өкмөтү Жерүйдү иштетүү боюнча кайрадан конкурс өткөргөнү жатат.
Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG