Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуу кыйындады


Москвадагы мигранттардын балдарын жалпы билим берүүчү мектептерге кабыл алуу жыл өткөн сайын кыйындоодо. 2011-2012-жылкы окуу жылында бул көрсөткүч 10% болсо, үстүдөгү жылы 30% жеткен. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусия Илимдер академиясынын миграцияны божомолдоо жана иликтөө лабораториясынын адис кызматкери Дмитрий Полетаев билдирди. Анын айтымында, Москвадагы жалпы билим берүүчү мектептерден билим ала албаган балдар негизинен Борбор Азиядан келген мигранттардын балдары:

- Алардын ата-энелерине жумушка иштөөгө берилген уруксатынын мөөнөтү бир жылдан кем болгону үчүн балдарды мектепке алышкан эмес. Мындан тышкары айрым мектептердин жетекчилери федералдык миграция кызматынын милдетин өздөрүнө алып, мигранттардын документтерин текшеришкен. Мектеп директорлорунун мындай аракеттерин токтотуу чаралары көрүлүүгө тийиш.

Орусиядагы кыргызстандык жарандардын балдарынын билим алуу маселеси боюнча так маалыматтар жок. Москвадагы кыргыз элчилигинин билдиргени боюнча мигранттардын балдары расмий катталбайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG