Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун техника-экономикалык негиздемесин канадалык SNC-Lavalin International Inc аттуу компания даярдайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Камбар-Ата-1" жабык акционердик коомунун төрагасынын кеңешчиси Таалайбек Акунов билдирди. Анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн сынакка 5 компания өз долбоорлорун жиберген. Алардын арасында Франциянын, Германиянын, Австриянын, Канаданын жана Кытайдын компаниялары болгон. Ушулардын ичинен Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрүнүн өкүлдөрү кирген конкурстук комиссия 29-мартта канадалык компанияны жеңүүчү деп тапты. Эми аталган компания 5 млн. 212 миң долларга ГЭСтин техника-экономикалык негиздемесин 5 айдын ичинде даярдап берет.
Кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы 4 ГЭСти куруу боюнча 2012-жылдын сентябрь айында макулдашкан. Келишим боюнча долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, бирок үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү. Жогорку Кеңеш бул ГЭСтерди куруу боюнча келишимди февралда ратификациялаган. (BkA)