Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

“Ак илбирс” сыйлыгы май айында тапшырылат


Кыргызстандык режиссерлордун арасында жыл сайын тапшырылчу “Ак илбирс” кино сыйлыгына тасмалар тандала баштады. Аталган кино сыйлыкты уюштуруучулардын айтымында, 15-майга чейин бул тасмалар арасынан мыктылары тандалып, 12 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

“Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгы быйыл экинчи ирет уюштурулуп жатат. Ал кыргыз кино өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатын көздөйт. Былтыр "Эң мыкты тасма" сыйлыгы режиссерлор Артыкбай Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакуновдун “Көч” аттуу даректүү тасмасына ыйгарылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG