Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:52

АКШ Түштүк Кореяга "Стелс" учактарын жиберди


Корей жарым аралында тиреш күчөп жаткан чакта, Түштүк Корея менен биргелешкен аскердик машыгууга Кошмо Штаттары алдыңкы технологиялык Ф-22 «Стелс» согуш учактарын жиберди. Радарга түшпөй турган Ф-22 «Рэптор» учактарын Вашингтон Жапониядагы базасынан учурду. Түндүк Кореянын аймагындагы Каесоң өнөр жай тилкесинде иштеген 52 жаштагы Ким Дук-соо кырдаалга тынчсызданганын минтип айтты:

- Капа болуп атам, бирок колуман эмне келет? Ишке чыгыш керек да. Түндүк кореялыктар эмне деп ойлойт билбейм, бирок мындай аймакты алар кантип жөн эле жаап салышат? Аларга да акча керек эмеспи. Бул өнөр жай паркы алар үчүн эл аралык валютанын булагы эмеспи.

Кечээ Түндүк Корея Түштүк Корея менен «согуштук абалда» экендигин жана куралдуу күчтөрү түштүк коңшусун бутага алып жайгаштырылгандыгын жарыялаган.
XS
SM
MD
LG