Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

Ажылыкка зыяратчыларды “КыргызТрансАвиа” компаниясы ташыйт


Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы маалымат катчысы Эсен Өмүракунов билдирди. Анын айтымында, муфтият уюштурган бүгүнкү тендерге “КыргызТрансАвиа” компаниясы гана катышып, зыяратчыларды Мекеге алып барып келүү укугуна ээ болду. Аталган компаниянын сунушуна ылайык, ажылыкка барып келүү үчүн билеттин баасы 1,5 миң доллар деп белгиленди.

“КыргызТрансАвиа” компаниясы 2009-жылдан бери зыяратчыларды Мекеге ташып келет. Ажылык сентябрда башталат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG